Указ Президента КР от 30 ноября 2016 года УП № 290 «Об освобождении от должностей действующих судей Сулюктинского городского, Баткенского, Кадамжайского и Лейлекского районных судов Баткенской области»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-ноябры ПЖ № 290
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык, Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондук сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Баткен облусунун Сүлүктү шаардык, Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондук сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 1-декабрынан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:
- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан
Ахмедова Гульсунай Ражаповна;
- Баткен облусунун Баткен райондук сотунан
Каримжанов Исмаил Гапарович;
- Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан:
Салиев Лутфулла Джумашевич;
Сыдыков Космосбек Аскарбекович;
- Баткен облусунун Лейлек райондук сотунан
Абдураимов Арзыбай Базарбаевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|