ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 11 февраля 2009 года №113 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О денонсации ответной ноты Министерства иностранных дел Кыргызской Республики от 28 декабря 2001 года № 011-22/1702 на ноту Посольства Французской Республики в Кыргызской Республике от 7 декабря 2001 года № 65/МАЕ, образующих вместе Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Французской Республики»

Редакцияот 11.02.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 11-февралы №113

"Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2001-жылдын 7-декабрындагы № 65/МАЕ нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 28-декабрындагы № 011-22/1702 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2001-жылдын 7-декабрындагы № 65/МАЕ нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 28-декабрындагы № 011-22/1702 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тааныштыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине тапшырылсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2001-жылдын 7-декабрындагы № 65/МАЕ нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 28-декабрындагы № 011-22/1702 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө

1-статья.

Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2001-жылдын 7-декабрындагы N 65/МАЕ нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 28-декабрындагы N 011-22/1702 жооп нотасы денонсациялансын.

 

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Франция Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн Макулдашуу денонсацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-статья.

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти