ПостановлениеУтратил силу

Постановление Жогорку Кенеша КР от 23 декабря 2010 года № 30-V «Об утверждении структуры Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 23-декабры №30-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V, 2011-жылдын 2-февралындагы №140-V, 2011-жылдын 21-октябрындагы №1238-V, 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V, 2012-жылдын 2-февралындагы №1586,  2012-жылдын 22-февралындагы №1653-V, 2012-жылдын 14- мартындагы №1730-V,  2012-жылдын 10-октябрындагы №2395-V, 2012-жылдын 1-ноябрындагы №2458-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү түзүмү бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 5 орун басары;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 13 комитети;

Бүткүл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети;

эсептөө комиссиясы (курамы жыл сайын кайрадан шайланып турат);

добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссия.

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери түзүлсүн:

Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет;

Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет;

Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

Эл аралык иштер боюнча комитет;

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет;

Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитет;

Социалдык саясат боюнча комитет;

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет;

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет;

Бюджет жана финансы боюнча комитет;

Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы №2395-V, 2012-жылдын 1-ноябрындагы №2458-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

- 2009-жылдын 6-ноябрындагы №1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө";

- 2009-жылдын 12-ноябрындагы №1492-IV "2009-жылдын 6-ноябрындагы № 1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";

- 2010-жылдын 17-декабрындагы №21-V "2009-жылдын 6-ноябрындагы № 1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу";

- 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө";

- 2011-жылдын 2-февралындагы №140-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө";

- 2011-жылдын 21-октябрындагы №1238-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө.

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомунун редакциясына ылайык)

 

Төрага

А. Келдибеков