К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 16 июня 2011 года № 659-V «Об образовании Комиссии Жогорку Кенеша Кыргызской Республики по трудовым спорам»

Реквизиты

РусКырг
Номер
№ 659-V
Принят
16 июня 2011 года
Издал
Жогорку Кенеш Кыргызской Республики

В реестре

Код Минюста
70680

Официальная страница Минюста

Редакцияот 16.06.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 16-июну № 659-V

Эмгектик талаштар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 415-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын, Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасынын жана "Алтын-Көл" пансионаты" мамлекеттик ишканасынын иш берүүчүлөрү менен кызматкерлеринин ортосунда келип чыгуучу эмгектик талаштарды өз убагында чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын, Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасынын жана "Алтын-Көл" пансионаты" мамлекеттик ишканасынын иш берүүчүлөрү менен кызматкерлеринин ортосундагы Эмгектик талаштар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясы (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн.

2. Комиссиянын курамына иш берүүчүнүн төмөнкү өкүлдөрү киргизилсин:

Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинии комитетинин мүчөсү;

Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир депутаттык фракциясынын өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Юридикалык бөлүмүнүн өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмүнүн өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасынын өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын "Алтын-Көл" пансионаты" мамлекеттик ишканасынын өкүлү.

3. Комиссияныи курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматкерлеринин он үч өкүлүн жиберүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасына сунуш кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 2008-жылдын 6-мартындагы № 70-ОД тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төрага

 

А.Келдибеков

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.