ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 30 июня 2011 года № 891-V «О проекте Государственной концепции национальной политики Кыргызской Республики»

Редакцияот 30.06.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-июну № 891-V

Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө

Коомду баш коштурууну, улуттук биримдикти камсыз кылуу, мамлекеттүүлүктү, өлкөнүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана өнүгүшүн чыңдоого багытталган этностор жана конфессиялар ортосундагы мамилелерди түзүү жана башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору негиз катары кабыл алынсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн Концепциянын долбоорун Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы тарабынан киргизилген "Мекеним Кыргызстан" Кыргыз Республикасынын этностук саясатынын жана коомду баш коштуруусунун концепциясынын долбоорун эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү жана биротоло вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматовага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Келдибеков