ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 17 ноября 2011 года № 1306-V «О принятии Закона Кыргызской Республики «О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики «О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию»

Редакцияот 17.11.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-ноябры № 1306-V

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана  өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.К.Акназарова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2011-жылдын 17-июнундагы № 325 токтому) тарабынан демилге көтөрүлгөн "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2 пайыз өлчөмүндө мурда кармалып алынган камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо тутумуна туш келбеген адамдарга кайтарып берүү боюнча чараларды карасын.

 

Төрага

А.Келдибеков