ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 января 2012 года № 1514-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации грантового Соглашения между Кыргызской Республикой и Международной Ассоциацией Развития по проекту «Содействие повышению сельскохозяйственной производительности», подписанного 5 октября 2011 года в городе Бишкек»

Редакцияот 12,01,2012
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-январы № 1514-V

"Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-ноябрындагы № 737 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Келдибеков