ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 26 января 2012 года № 1563-V «Об отклонении проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О присяжных заседателях в судах Кыргызской Республики»

Редакцияот 26.01.2012
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 26-январы №1563-V

"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков