Постановление Жогорку Кенеша КР от 9 февраля 2012 года № 1633-V «О принятии Закона Кыргызской Республики «О ратификацииПротокола о внесении изменений в Соглашение о льготных условиях поставок специальной техники и специальных средств для оснащения правоохранительных органов и специальных служб государств-членов Организации Договора о коллективной безопасности от 6 октября 2007 года, подписанного 10 декабря 2010 года в городе Москва»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-февралы № 1633-V
"Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды жөнөтүүлөрдүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө 2007-жылдын 6-октябрындагы протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 18-октябрындагы № 652 токтому) "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды жөнөтүүлөрдүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө 2007-жылдын 6-октябрындагы протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|