Постановление Жогорку Кенеша КР от 2 марта 2012 года № 1707-V «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Грантового соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Японским Агентством Международного Сотрудничества по проекту «Улучшение спортивного инвентаря для занятий дзюдо для Государственного агентства физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики», подписанного 7 октября 2011 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-марты № 1707-V
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 19-декабрындагы № 760 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|