ПостановлениеУтратил силу

Постановление Жогорку Кенеша КР от 3 октября 2013 года № 3502-V «О внесении изменений и дополнений в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики № 1529-V от 19 января 2012 года» Об утверждении составов комитетов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2013-жылдын 3-октябры № 3502-V

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) төмөндөгүлөр:

"Ата Мекен" депутаттык фракциясынан Текебаев Өмүрбек Чиркешович Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин курамынан;

"Республика" депутаттык фракциясынан Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.

2) төмөндөгүлөр:

"Ата Мекен" депутаттык фракциясынан Текебаев Өмүрбек Чиркешович Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына;

"Республика" депутаттык фракциясынан Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына;

"Республика" депутаттык фракциясынан Арипов Назарали Турдалиевич Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына;

"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Кадырбекова Майрамкан Мамытовна Эл аралык иштер боюнча комитеттин курамына;

"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Мурзабеков Кантемир Зулумбекович Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына;

"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Шаршеев Бакыт Октябрович Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

А. Жээнбеков