ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 14 ноября 2013 года № 3570-V «Об образовании согласительных групп для выработки согласованных вариантов законов Кыргызской Республики»О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики«,»О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики«, возвращенных с возражениями Президента Кыргызской Республики»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 14-ноябры № 3570-V

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлердү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы N 3693-V, 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык ;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:

- Шайназаров Т.У. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү;

- Осмонов К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү;

- Абдылдаев М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Шыкмаматов А. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Мойдинов И.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары;

- Калиев Г. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары.

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы N 3693-V, 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Жарандык. процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:

- Шайназаров Т.У. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү;

- Осмонов К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү;

- Абдылдаев М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Шыкмаматов А. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Мойдинов И.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары;

- Калиев Г. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары.

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы N 3693-V, 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин. 

 

 

 

 

  

 

 

Төраганын орун басары

Ч. Султанбекова