ПостановлениеСтатус не указан

Постановление Жогорку Кенеша КР от 2 марта 2012 года № 1689-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Саудовским Фондом Развития (проект по реабилитации автодороги Бишкек-Торугарт), подписанного 13 сентября 2011 года в городе Бишкек»

Редакцияот 02.03.2012
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 2-марты № 1689-V

"Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол

коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү

Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну

(Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча

долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда

кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 29-ноябрындагы № 739 токтом) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А. Жээнбеков