Постановление Жогрку Кенеша КР от 2 марта 2012 года № 1690-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Кувейтским Фондом Арабского Экономического Развития (проект по реабилитации дорожного коридора Бишкек-Нарын-Торугарт) (участок II: перевал Долой - перевал Кызыл-Бель), подписанного 7 сентября 2011 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-марты № 1690-V
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү
Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну
(Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо
боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел
ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 29-ноябрындагы № 743 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |