ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 6 апреля 2012 года № 1776-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики» (в Лесной кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики «О воде», «Об особо охраняемых природных территориях», «О горных территориях Кыргызской Республики»)»

Редакцияот 06.04.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 6-апрели № 1776-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын

Токой кодексине, "Суу жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу

жаратылыш аймактары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын

тоолуу аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Исаков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Суу жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Т.М.Узакбаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А. Жээнбеков