ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 28 декабря 2010 года № 76-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о финансировании по проекту «Чрезвычайная помощь для восстановления и реконструкции» между Кыргызской Республикой и Азиатским Банком Развития, подписанного 27 сентября 2010 года в городе Бишкек»

Редакцияот 28.12.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 28-декабры № 76-V

"Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү

банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында

Бишкек шаарында кол коюлган "Калыбына келтирүү

жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору

боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 23-декабрындагы № 337 токтому) "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сунуштарын эске алуу менен кароо жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитетине (А.Б.Баатырбеков), Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.Ү.Жапаров), Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча комитетине (А.Т.Сулайманов) тапшырылсын.

 

Төрага

А. Келдибеков