Постановление Жогорку Кенеша КР от 22 сентября 2011 года № 1038-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Статута Суда Евразийского экономического сообщества, подписанного в городе Астана 5 июля 2010 года»
Этот документ есть на русском языкеРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-сентябры № 1038-V
"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия
экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 27-июлундагы № 418 токтому) "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Келдибеков
|