ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 23 января 2014 года № 3784-V «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О внесении дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"

Редакцияот 23.01.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-январы № 3784-V

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо

киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (К.С. Бокоев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 15-январындагы № 3747-V токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков