ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 февраля 2014 года № 3813-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики«(в законы Кыргызской Республики»О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики«,» О Дисциплинарном уставе таможенных органов Кыргызской Республики«)»

Редакцияот 12.02.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 12-февралы № 3813-V

"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө",

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 25-октябрындагы № 580 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (Самаков К.С.) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров