ПостановлениеУтратил силу

Постановление Жогорку Кенеша КР от 14 февраля 2008 года № 171-IV «О формировании парламентской делегации Кыргызской Республики в Межпарламентскую Ассамблею Евразийского экономического сообщества»

Редакцияот 14.02.2008
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 14-февралы № 171-IV

Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык

Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик

делегациясын түзүү жөнүндө

 

Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында активдүү парламенттер аралык кызматташтыкка умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

А.К.Мадумаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы

Ч.Т.Баекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

К.Н.Жолдошев

М.К.Кунакунов

Д.Ш.Кыдыров

Д.А.Молдошева

А.Т.Сейтказиев

Р.А.Шабатоев

2. Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:

Д.А.Молдошева - укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга

М.К.Кунакунов - экономикалык саясат боюнча туруктуу комиссияга

Д.Ш.Кыдыров - бажы жөнгө салуусу боюнча туруктуу комиссияга

Р.А.Шабатоев - соода саясаты жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга

К.Н.Жолдошев - социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияга

А.Т.Сейтказиев - агроөнөржай саясаты, жаратылышты пайдалануу жана экология боюнча туруктуу комиссияга.

3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

4. 2005-жылдын 27-апрелиндеги N 211-III "Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төрага

А.Мадумаров