Постановление Жогорку Кенеша КР от 21 февраля 2008 года № 215-IV «О принятии Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о взаимной защите секретной информации, подписанного 4 июля 2006 года в городе Астана»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 21-февралы № 215-IV
"Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 3-июлундагы № 261 токтом) "Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Мадумаров |