ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 21 мая 2014 года № 4038-V «О принятии Закона Кыргызской Республики»О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)

Редакцияот 21.05.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 21-майы № 4038-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Сасыкбаева, Ө.Ч.Текебаев, Т.Мадылбеков жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2012-жылдын 20-февралындагы № 109 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

 

 Төрага

А.Жээнбеков