ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 22 января 2009 года № 911-IV «О плане мероприятий временной депутатской комиссии по изучению и проверке реализации программы строительства водохозяйственных объектов, а также освоения выделенных финансовых средств за период с 2006 года по 2008 год, образованной постановлением Жогорку Кенеша Кыргызской Республики № 823-IV от 12 декабря 2008 года»

Редакцияот 22.01.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 22-январы № 911-IV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын

12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу

чарба объекттерин куруунун программасынын ишке

ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга

чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарын

өздөштүрүүнү иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу

депутаттык комиссиянын иш-чараларынын планы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу чарба объекттерин куруунун программасынын ишке ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарын өздөштүрүүнү иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иш-чараларынын планын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу чарба объекттерин куруунун программасынын ишке ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарын өздөштүрүүнү иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иш-чараларынын планы жактырылсын (тиркелет).

2. Иш-чаралардын планына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн маселени иликтөө боюнча иш убактылуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Тагаев

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

2009-жылдын 22-январындагы

№ 911-IV токтомуна

тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын

12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу

чарба объекттерин куруунун программасынын ишке

ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга

чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарын

өздөштүрүүнү иликтөө жана текшерүү боюнча

убактылуу депутаттык комиссиянын

ИШ-ЧАРАЛАРЫНЫН ПЛАНЫ

 

┌─┬────────────────────────────────────────┬──────────┬───────────────┐

│№│             Маселенин мазмуну          │ Аткаруучу│Аткаруу мөөнөтү│

├─┼────────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────┤

│1│Убактылуу депутаттык комиссиянын        │депутаттык│ 2009-жылдын   │

│ │уюштуруу кеңешмесинде төмөнкү           │комиссия  │ 26-январына   │

│ │маселелерди кароо:                      │          │ чейин         │

│ │- убактылуу депутаттык комиссиянын      │          │               │

│ │  төрагасын жана катчысын шайлоо;       │          │               │

│ │- бул комиссияны түзүү жөнүндөгү        │          │               │

│ │  2008-жылдын 12-декабрындагы № 823-IV  │          │               │

│ │  токтомдун 3-пунктуна ылайык убактылуу │          │               │

│ │  депутаттык комиссиянын алдында жумушчу│          │               │

│ │  тобун түзүү;                          │          │               │

│ │- бул маселени иликтөө боюнча убактылуу │          │               │

│ │  депутаттык комиссиянын эскерткичин    │          │               │

│ │  иштеп чыгуу;                          │          │               │

│ │- убактылуу депутаттык комиссия менен   │          │               │

│ │  жумушчу топтун ортосунда милдеттерди  │          │               │

│ │  бөлүштүрүү;                           │          │               │

│ │- бул маселени иликтөө боюнча ишти      │          │               │

│ │  иштелип чыккан эскерткичтин негизинде │          │               │

│ │  жүргүзүү                              │          │               │

├─┼────────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────┤

│2│Иликтөөнүн жана текшерүүнүн жыйынтыгы   │депутаттык│2009-жылдын    │

│ │боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын │комиссия  │23-февралы     │

│ │маалыматын даярдоо                      │жана      │               │

│ │                                        │жумушчу   │               │

│ │                                        │топ       │               │

├─┼────────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────┤

│3│Комиссиянын кезектеги жыйналышында бул  │депутаттык│2009-жылдын    │

│ │маселе боюнча убактылуу депутаттык      │комиссия  │2-марты        │

│ │комиссиянын маалыматын талкуулоо        │          │               │

├─┼────────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────┤

│4│Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин │депутаттык│2009-жылдын    │

│ │жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын │комиссия  │13-марты       │

│ │Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун  │          │               │

│ │даярдоо жана аны Жогорку Кеңештин       │          │               │

│ │кароосуна киргизүү                      │          │               │

└─┴────────────────────────────────────────┴──────────┴───────────────┘