ПостановлениеУтратил силу

Постановление Жогорку Кенеша КР от 5 ноября 2014 года № 4424-V «О внесении изменения в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»О составе Правительства Кыргызской Республики«от 3 апреля 2014 года № 3935-V»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5057-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 5-ноябры № 4424-V

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Т.А. Батыралиевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К. Оторбаевдин сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Батыралиев Талантбек Абдуллаевичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун он сегизинчи абзацындагы «Сагинбаева Динара Зарлыковнаны» деген сөздөр «Батыралиев Талантбек Абдуллаевичти» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков