Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 марта 2015 года № 4904-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О ратификации Грантового соглашения (Проект по реализации Национальной стратегии развития статистики) между Кыргызской Республикой, Международным банком реконструкции и развития и Международной ассоциацией развития, выступающей в качестве администратора грантовых средств, предоставляемых различными донорскими организациями в рамках Программы по поддержке развития статистического потенциала в Восточной Европе и странах-участницах Содружества Независимых Государств Мультидонорского трастового фонда (Грант № TF 017862), подписанного 4 февраля 2015 года в городе Бишкек"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 4904-V
"2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Чыгыш Европада жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан өлкөлөрдө статистикалык дараметти өнүктүрүүнү колдоо боюнча программанын алкагында ар кыл донор уюмдар тарабынан берилүүчү Мультидонордук трасттык фонддун (Грант № TF 017862) гранттык каражаттарынын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 11-мартындагы № 114 токтому) "2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Чыгыш Европада жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан өлкөлөрдө статистикалык дараметти өнүктүрүүнү колдоо боюнча программанын алкагында ар кыл донор уюмдар тарабынан берилүүчү Мультидонордук трасттык фонддун (Грант № TF 017862) гранттык каражаттарынын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашуусу (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |