Постановление Жогорку Кенеша КР от 21 июня 2007 года № 1905-III «О принятии Закона Кыргызской Республики «О ратификации Кредитного соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Исламским банком развития по проекту «Реконструкция дороги Ош-Иркештам», подписанного 15 мая 2007 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 21-июну № 1905-III
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 15-майында кол коюлган "Ош-Иркештам жолун реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 8-июнундагы № 217 токтом) "Бишкек шаарында 2007-жылдын 15-майында кол коюлган "Ош-Иркештам жолун реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М. Султанов |
|
|