Постановление Жогорку Кенеша КР от 4 июня 2015 года № 5171-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О ратификации Грантового соглашения между Кыргызской Республикой, мэрией города Ош, Ошским городским муниципальным автотранспортным предприятием и Европейским банком реконструкции и развития и Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития по проекту «Улучшение общественного транспорта в городе Ош», подписанных 23 декабря 2014 года в городе Бишкек"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-июну № 5171-V
"2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Ош шаарында коомдук транспортту жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 15-майындагы № 295 токтому) "2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Ош шаарында коомдук транспортту жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |