Постановление Жогорку Кенеша КР от 26 июня 2015 года № 5398-V «Об избрании счетной комиссии для проведения тайного голосования с использованием бюллетеней по избранию депутата М.И.Бакирова на должность заместителя председателя Комитета Жогорку Кенеша Кыргызской Республики по социальной политике»
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 5398-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматына депутат М.И.Бакировду шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын шайлоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматына депутат М.И.Бакировду шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 9 депутатынан турган эсептөө комиссиясы шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү депутаттары шайлансын:
Ибраев Т.О.
Шаршеев Б.О. - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Тиленчиева М.Б.
Расулов М.А. - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Эшимов А.Ж.
Режавалиев А.М. - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Нуркулов У.К. - "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынан;
Касымбеков М.А.
Кадыралиева Ы.К. - КСДП депутаттык фракциясынан.
Төрага | А. Жээнбеков |