ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 21 декабря 2007 года N 2-IV «Об утверждении повестки дня первого заседания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»

Редакцияот 21.12.2007
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 25-декабры № 2-IV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:

1) убактылуу эсептөө комиссиясын шайлоо;

2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча убактылуу комиссияны шайлоо;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү;

6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү;

7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин мүчөлөрүн бекитүү;

8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо.

 

 

Жыйналышта төрагалык кылуучу

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин депутаты

 

 

Б.Акунов