ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 26 июня 2007 года № 1950-III «Об установлении льготы в размере 50 процентов по оплате за использованную поливную воду сельскохозяйственным субъектам Ноокенского айыл окмоту Ноокенского района Джалал-Абадской области, пострадавшим от засухи в весенне-летний период 2006 года»

Редакцияот 26.06.2007
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 26-июну № 1950-III

2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө

Жалалабат областынын Ноокен айыл өкмөтүнүн, депутаттардын Ноокен райондук кеңешинин 2006-жылдын 12-октябрындагы № 4 жана 2007-жылдын 30-мартындагы № 1 чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Садырбаевдин 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан жогоруда аталган айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктер берүү жөнүндө кайрылуусун эске алып жана аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1994-жылдын 14-январындагы № 1422-XII "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктер белгиленсин

2. Жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба субъектилери менен кайра эсептешүүлөрдү ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык жүргүзүүнү камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу чарба департаментине милдеттендирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М. Султанов