ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 30 марта 2016 года № 403-VI «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Румынии о безвизовом режиме для владельцев дипломатических и служебных паспортов, подписанного 16 июня 2015 года в городе Бишкек"

Редакцияот 30.03.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30-марты № 403-VI

"Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Румыния Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 19-январындагы №  20 токтому) "Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Румыния Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

  

Төрага

А. Жээнбеков