Постановление Жогорку Кенеша КР от 2 июня 2016 года № 647-VI «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Кувейтским фондом арабского экономического развития по проекту «Строительство и оснащение нейрохирургического центра Национального госпиталя», подписанного 11 марта 2016 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 647-VI
"2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 16-майындагы № 255 токтому) "2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков |