Постановление Жогорку Кенеша КР от 25 июня 2014 года № 4242-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О ратификации Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития по Программе улучшения инвестиционного климата - Подпрограмма 3, подписанного 19 июня 2014 года в городе Бишкек"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 4242-V
"2014-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 3-программача боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 23-июнунда № 350 токтому) "2014-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 3-программача боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|