Постановление Жогорку Кенеша КР от 23 июня 2016 года № 781-VI «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Финансового соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским союзом по программе «Улучшение демократии через реформу избирательной системы - грант по реформированию сектора» (DCI-ASIE/2015/038-149), подписанного 19 апреля 2016 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 781-VI
"2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-АSIЕ/2015/038-149) программасы боюнча Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 20-июнундагы № 343 токтому) "2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-АSIЕ/2015/038-149) программасы боюнча Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|