ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 19 октября 2016 года № 989-VI «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о сотрудничестве государств-членов Организации Договора о коллективной безопасности в области перевозок воинских и других формирований, их движимого имущества, а также продукции военного назначения, подписанного 15 сентября 2015 года в городе Душанбе»

Редакцияот 19.10.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 19-октябры № 989-VI

"2015-жылдын 15-сентябрында Душанбе шаарында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияларды ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы тууралу макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 20-июнундагы № 340 токтому) "2015-жылдын 15-сентябрында Душанбе шаарында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияларды ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы тууралу макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков