ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 10 ноября 2016 года № 1059-VI «О принятии Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о финансировании «Проекта городского развития» между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития, подписанного 25 апреля 2016 года в городе Бишкек»

Редакцияот 10.11.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 10-ноябры № 1059-VI

"2016-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 27-июлундагы № 416 токтому) "2016-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

 Төрага

Ч. Турсунбеков