ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 1 декабря 2016 года № 1155-VI «Об итогах работы временной депутатской комиссии по изучению использования средств в размере 37 миллионов долларов США совместным предприятием ЗАО «Верхне-Нарынские гидроэлектростанции»

Редакцияот 01.12.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-декабры № 1155-VI

"Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө

"Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 221-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу боюнча чыгымдардын аудитин толук жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык көз карандысыз эл аралык аудиторду тартуу боюнча чараларды көрсүн;

"Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын уставдык капиталындагы "РусГидро" ААКсынын тиешелүү үлүшүн "Электрстанциялары" ААКсынын балансына кабыл алууну - өткөрүп берүүнү Макулдашууда белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көз карандысыз эл аралык аудиттин жыйынтыктары боюнча "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышы боюнча аракеттерге укуктук баа берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2 айлык мөөнөттө аудитордук текшерүүнү жүргүзсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.

  

Төрага орун басары

Н.Алимбеков