Постановление Жогорку Кенеша КР от 22 июня 2017 года № 1759-VI «О принятии Закона Кыргызской Республики «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Саудовским фондом развития по проекту реконструкции автомобильной дороги Север - Юг (альтернативная автодорога Балыкчы - Джалал-Абад), подписанного 17 мая 2017 года в городе Джидда, Королевство Саудовская Аравия»
Этот документ есть на русском языкеРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 1759-VI
"2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик автожолун) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 12-июнундагы № 359 токтому) "2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик автожолун) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |