ПостановлениеДействует

Постановление ЖК КР от 21 сентября 2017 года № 1883-VI «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»

Редакцияот 21.09.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 21-сентябры № 1883-VI

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.К.Макеев, Г.К.Асылбаева, Э.Ж.Байбакпаев, А.А.Арапбаев, Э.Ж.Сурабалдиева, Д.Э.Төлөнов, A.M.Султанов, Т.З.Зулпукаров, Б.Ж.Субанбеков жана У.Б.Примов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Ч.Турсунбеков