ПостановлениеДействует

Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики от 26 декабря 2018 года № 2018-П-14/58-8-(ПС) «О внесении изменения в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики»Об утверждении Положения «О банковских платежных картах в Кыргызской Республике» от 9 декабря 2015 года № 76/8"

Редакцияот 26.12.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2018-жылдын 26-декабры № 2018-П-14/58-8-(ПС)

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-пунктундагы "2019-жылдын 1-январынан" деген сөздөр "2021-жылдын 1-январынан" дегенге алмаштырылсын.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана эл аралык төлөм системаларын тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

 

Т.Абдыгулов