ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 6 апреля 2009 года №215 «О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 13 января 1995 года № 12»Об утверждении Положения о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособий военнослужащим, лицам рядового и начальствующего состава органов внутренних дел, Государственной противопожарной службы, органов финансовой полиции, службы специальной связи, уголовно-исполнительной системы, органа по контролю наркотиков и их семьям"

Редакцияот 06.04.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 6-апрели № 215

"Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын кызматкерлерин жана медициналык персоналдарын социалдык коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-пунктуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- он үчүнчү жана он жетинчи абзацтары "ички иштер органдарына" деген сөздөрдөн кийин "жана жазык-аткаруу тутумдарына" деген сөздөр менен толукталсын;

- он алтынчы абзац "ички иштер органдарынын," деген сөздөрдөн кийин ", жазык-аткаруу тутумдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов