ПостановлениеДействует

Постановление Правления Национального Банка КР от 8 декабря 2021 года № 2021-П-14/68-7-(НПА) «Об утверждении Положения»О безналичных расчетах в Кыргызской Республике"

Редакцияот 08.12.2021
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2021-жылдын 8-декабры №2021-П-14/68-7-(НПА)

Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Бул токтом 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коомун тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк төрагасы

 

 К.Боконтаев