ПостановлениеДействует

Постановление ЦИК КР от 25 января 2018 года № 15 «О назначении выборов главы айыл окмоту имени Т.Балтагулова Ала-Букинского района Жалал-Абадской области»

Редакцияот 25.01.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2018-жылдын 25-январы № 15

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 23-январындагы № 18-б буйругу менен Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Парпиев Мамадалы Эргашович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 13-февралына дайындалсын жана саат 09.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова