ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 17 октября 2018 года № 2635-VI «О внесении изменения в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 8 февраля 2017 года № 1327-VI «Об образовании согласительной группы для выработки согласованного варианта Закона Кыргызской Республики «О защите лиц, сообщивших о коррупционных правонарушениях», возвращенного с возражением Президента Кыргызской Республики»

Редакцияот 17.10.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 17-октябры № 2635-VI

"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков