ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 6 февраля 2019 года № 2882-VI «О внесении изменений в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 февраля 2016 года № 300-VI»Об образовании согласительной группы для выработки согласованного варианта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики»О трансплантации органов и (или) тканей человека«, возвращенного с возражением Президента Кыргызской Республики»

Редакцияот 06.02.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-февралы № 2882-VI

"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 300-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 300-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"А.С.Токторов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

К.Р.Садыков - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

А.Ж.Букамбаева - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары;

М.Т.Джаманкулов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;";

пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"А.А.Арапбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

К.М.Жумалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

А.Э.Самигуллина - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Е.Г.Строкова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

А.Ж.Исмаилова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Т.М.Уметалиев - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын башкы дарыгеринин орун басары.".

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков