ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 11 февраля 2020 года № 39 «О Положении о Государственном портале избирателей «Тизме»»

Редакцияот 11.02.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2020- жылдын 11-февралы №39

Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тууралуу

”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин жетекчиликке алып, шайлоочуларга алардын шайлоочулардын тизмелерине киргизилгенин, жеке маалыматтарынын тактыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. ”Шайлоочулардын мамлекеттик порталы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №101 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова