ПоложениеДействует

Положение о Государственном портале избирателей «Тизме» (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 11 февраля 2020 года № 39 )

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 39 токтомуна

Шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталынын (мындан ары - Мамлекеттик портал) негизги түшүнүктөрүн, максаттарын жана милдеттерин аныктайт, жайгаштырылуучу маалыматтардын тизмегин, Мамлекеттик порталда маалыматтарды түзүүнүн жана жайгаштыруу талаптарынын тартибин, анын маалыматтык жактан толукталып, иштеп турушун уюштурууну жөнгө салат.

2. Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

3. Мамлекеттик порталдын иштеп турушун камсыздоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан ишке ашырылат.

2. Мамлекеттик порталдын максаттары жана милдеттери

4. Мамлекеттик портал - бул шайлоо участоктору, райондор, шаарлар, жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын тизмеси жана референдумга катышуучулардын тизмеси (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) жөнүндө түзүлгөн жана актуалдаштырылган маалыматтар камтылган Борбордук шайлоо комиссиясынын веб-ресурсу.

Мамлекеттик портал www.tizme.gov.kg веб-дарегине ээ.

5. Мамлекеттик портал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын тизмеси жөнүндө, шайлоо даректерин (шайлоо участокторунун номерлерин) жана жеке маалыматтарды тактоо жана өзгөртүү тууралуу, шайлоого жарандардын катышуусу тууралуу шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларына (мындан ары - шайлоочуларга) маалымдоого арналган.

6. Мамлекеттик порталга жайгаштырылган маалыматтар, "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарыяланууга жатпаган маалыматтарды кошпогондо, анык, актуалдуу, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

Мамлекеттик порталга жайгаштырылган маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат.

7. Мамлекеттик порталдын негизги милдеттери:

- Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумунун ачык-айкындыгын камсыздоо;

- жарандардын Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагында турган маалыматтарга жетүү укуктарын жүзөгө ашыруу;

- шайлоочулардын тизмеси жөнүндө маалыматтарды эркин жана тоскоолдуксуз алуу боюнча жарандардын укуктарын жүзөгө ашыруу;

- жарандардын Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстери жөнүндө маалымат алуусун жогорулатуу;

- жарандар менен маалыматтык өз ара аракеттерди өнүктүрүү;

- өздөрүнүн шайлоочулардын тизмесине киргизилишин, жеке маалыматтарынын тактыгын текшерүү жана каталар жана/же так эместиктер белгилүү болгон учурда, анын ичинде "Шайлоочунун кабинети" маалыматтык тутуму аркылуу, кайра жооп алуу боюнча шайлоочуларга мүмкүнчүлүк ачуу;

- шайлоо участоктору, аймактык шайлоо комиссиялары, облустар, жалпы эле республика боюнча шайлоочулардын саны боюнча статистиканы жарыялоо;

- Кыргыз Республикасындагы шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды жарыялоо (шайлоочуларды иденттештирүүнүн жыйынтыгына ылайык катышуучулар, гендердик белги, жаш-курак категориясы боюнча динамика, статистика).

3. Мамлекеттик порталда маалыматтарды түзүүнүн тизмеги, тартиби жана жайгаштыруу талаптары

8. Мамлекеттик портал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка маалыматтык ресурстары менен гипер шилтеме берүүгө байланышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын түзүмдүк компоненти болуп саналат.

9. Мамлекеттик порталда жайгаштырылган бардык маалыматтык материалдарга укук, эгерде өзүнчө ченемдик укуктук акты менен башкача жөнгө салынбаса, Борбордук шайлоо комиссиясына таандык болуп саналат.

10. Мамлекеттик порталдын маалыматтарынан үзүндү келтирилгенде жана/же алар пайдаланылганда Мамлекеттик порталдын булагына шилтеме жасоо милдеттүү болуп эсептелет.

11. Мамлекеттик порталдын маалыматтык ресурстары, эгерде кайсы-бир маалыматтык ресурстардын статусу Борбордук шайлоо комиссиясынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталбаса, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

12. Мамлекеттик порталда төмөндөгүлөр жайгаштырылат:

- шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндөгү жашаган жери, туулган датасы жөнүндө маалыматтарысыз участоктор, райондор жана шаарлар боюнча фамилиясын, атын, атасынын атын, шайлоо участокторунун номерлерин жана даректерин, аймактык шайлоо комиссиясынын аталышын көрсөтүү менен шайлоочулардын тизмеси;

- көрсөтүлгөн маалыматтар менен таанышуу, аларды тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди табуу үчүн шайлоочулардын тизмеси;

- шайлоочулар шайлоо даректерин алмаштыруу жөнүндө берген арыздарга ылайык шайлоочулардын бир шайлоо участогунан экинчи шайлоо участогуна которулуш таржымалы;

- шайлоо участоктору, аймактык шайлоо комиссиялары, облустар, жалпысынан республика боюнча жалпы санын көрсөтүү менен шайлоочулар жөнүндө маалыматтар;

- шайлоочулардын тизмесиндеги каталарды жана так эместиктерди оңдоо тууралуу, шайлоо даректерин алмаштыруу жөнүндө электрондук түрдөгү арыздарды берүү үчүн "Шайлоочунун кабинети" тутумуна шилтеме;

- шайлоочулар тарабынан 1 жана 2-формаларында берилген арыздардын саны боюнча отчеттук маалыматтар;

- Кыргыз Республикасында шайлоолорго, референдумдарга катышкан шайлоочуларды иденттештирүүнүн жыйынтыктары боюнча аналитикалык жана статистикалык маалыматтар;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жыйноо пункттарынын даректери;

- телефондук тейлөө борборунун (колл-борборунун) байланыш дареги;

- Мамлекеттик порталды пайдалануу боюнча жарандарга жардам көрсөтүү;

- шайлоочулардын тизмесин акыркы жаңылоонун датасы;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жарыяланган башка маалыматтар.

13. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, жеке маалыматтарды Мамлекеттик порталда жайгаштырууга жол берилбейт.

14. Шайлоолордун аралыгында Мамлекеттик порталдагы шайлоочулардын тизмеси ай сайын жаңыланып турат, шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыланат.

15. Шайлоочулардын тизмесине тийиштүү маалыматтарды Мамлекеттик порталда жарыялоодо тизмелерди жаңылоонун датасы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

4. Мамлекеттик порталды маалымат менен толтуруу жана анын иштеп турушу боюнча ишти уюштуруу

16. Мамлекеттик порталды жүргүзүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы кармап туруучу, техникалык оператор жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

17. Мамлекеттик порталдын мазмуну Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутумунда камтылган маалыматтардын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасында шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө көмөктөшкөн башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.

18. Мамлекеттик порталды маалымат менен толтуруу жана иштеп турушу боюнча ишти уюштуруу ушул Жободо жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм) тарабынан ишке ашырылат.

19. Мамлекеттик порталдын негизги бөлүктөрүнүн түзүмү өзгөртүлгөн учурда ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм маалыматтарды жаңылайт жана Мамлекеттик порталдын тийиштүү бөлүктөрүнө актуалдуу маалыматтарды жайгаштырат.

20. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм төмөндөгүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

- Мамлекеттик порталдын иштеп турушун жана программалык-техникалык колдоону камсыздоо;

- Мамлекеттик порталдын кибер коопсуздугун камсыздоо;

- санкцияланбаган кирүүдөн, блокировкалоодон, берүүдөн, ага тете аларды кокустуктан же санкциясыз жок кылууга, өзгөртүүгө жана жоготууга жол бербөө боюнча маалыматтарды коргоону камсыздоо;

- маалыматтардын сакталуусун жана аныктыгын, ошондой эле ага кирүүнүн ченемдик тартипте белгиленген режимин камсыздоо;

- тышкы маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөр, Интернет түйүнү менен өз ара аракеттерин камсыздоо;

- зарылдыкка жараша Мамлекеттик порталдын дизайнын жана түзүмүн өзгөртүү;

- архивдештирүү жана эскирген маалыматтарды алып салуу;

- шайлоочулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген маалыматтарды жарыялоо;

- кирүүнү чектөө саясатын ишке ашыруу;

- Мамлекеттик порталда жайгаштырылган маалыматтарга карата башка аракеттер.

21. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм Мамлекеттик порталдын ишин координациялоону, материалдарын даярдоону, жайгаштырууну жана жаңылоону, милдеттүү түрдө берилүүчү материалдардын мазмунун, Мамлекеттик порталдын иштеп турушун жана программалык-техникалык колдоону камсыздаган жооптуу кызматкерлерди белгилейт.

22. Жооптуу кызматкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин жана шайлоочуларды Мамлекеттик порталды пайдалануу боюнча окутууну жана консультация берүүнү ишке ашырат.

23. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасындагы шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына иденттештирилген шайлоочулар боюнча маалымат берет.

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган маалыматтын форматы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

24. Борбордук шайлоо комиссиясы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан маалымат алгандан кийин аны Мамлекеттик порталдын тийиштүү бөлүгүнө жайгаштырат.

25. Мамлекеттик порталда жайгаштыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү маалыматтар өзгөртүлгөндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирбестен жаңыланган маалыматты берет.

26. Борбордук шайлоо комиссиясы актуалдуу маалыматтардын келип түшүшүнө жараша, ал келип түшкөндөн кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде маалыматтарды жаңылоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.

5. Корутунду жобо

27. Ушул Жобого өзгөртүү жана толуктоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен киргизилет.