Постановление Жогорку Кенеша КР от 11 декабря 2019 года № 3425-VI «О внесении изменений в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 февраля 2016 года № 301-VI»Об образовании согласительной группы для выработки согласованного варианта Закона Кыргызской Республики «О погребении и похоронном деле», возвращенного с возражением Президента Кыргызской Республики"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-декабры № 3425-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 301-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 301-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Р.Н.Абетекова - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти;
Б.Ж.Жээнбаева - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |