ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенаша КР от 4 ноября 2020 года № 4138-VI «О внесении изменения в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»Об избрании членов Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики«от 23 июня 2016 года № 774-VI»

Редакцияот 04.11.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 4-ноябры № 4138-VI

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Сариев Акылбек Аблабекович шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун тогузунчу абзацында "Абрахматова Атыр Болотбековна" деген сөздөр "Сариев Акылбек Аблабекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

М.Бакиров