ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 6 октября 2020 года № 4104-VI «Об избрании депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Абдылдаева Мыктыбека Юсуповича на должность Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»

Редакцияот 06.10.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 6-октябры № 4104-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдаев Мыктыбек Юсуповичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джумабеков Дастанбек Артисбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" № 1931-VI токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

М.Бакиров